Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:31

Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун Ташкенттеги сапары аяктагандан кийин билдирди. Министрдин кабарлаганы боюнча, 100 млн. доллар өзбек өндүрүмүн импорттогон ишканаларга берилмекчи.

- Бардык насыялык акча каржылык мекемелер аркылуу жүрөт, өкмөт бул насыялар боюнча эч кандай мамлекеттик кепилдик албайт. Анын майда-барат шарттары Кыргызстан менен Өзбекстандын насыя мекемелеринин ортосундагы макулдашууда каралып жатат.

Новиков кошумчалагандай, бул Өзбекстан менен соода кылган кыргыз ишкерлеринин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Бирок бул насыя качан берилиле баштаарын министр тактаган жок.

Кыргыз жана өзбек расмий адамдарынын айтымында, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн бир жылдык көлөмү 250 млн. доллардын тегерегинде.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы расмий иш сапары 13-14-декабрь күндөрү болду. (КЕ/ZB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG