Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Башкы штабдын подполковниги Казакстанда жарым жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Кордай райондук соту Кыргызстандын Башкы штабынын подполковниги Үсөн Арстанбековду жарым жылга камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева ырастады. Анын айтымында, казак тарап подполковниктин соттолгону боюнча маалыматты оозеки айткан. Расмий билдирүү кошумча берилет.

Подполковник 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган. Анын баңгизат менен колго түшкөнү айтылган. Маалыматка караганда, аны “Кыйрабас боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан учурда казак чек арачылары колго түшүргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG