Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Тухватшин: Күнөөлүүлөр жазага тартылышын каалайм


"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган.
"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган.

"Samara.kg" сайты жөнүндөгү макаланын автору Ринат Тухватшин өз иликтөөсү боюнча маалымат берип, элдин керегине жарагысы келгенин жазган. Бул тууралуу "Kloop.kg" сайтынын "Фейсбуктагы" баракчасына жазылды.

- Мен УКМК өкүлдөрү менен аябай сүйлөшкүм келип жатат. Мен Кыргызстандын элине каршы кылмыш жасалган деп ишенем жана күнөөлүүлөр жазага тартылышын каалайм. Керегим тиет деп ишенем, - деп жазган Тухватшин.

"Samara.kg" сайты жөнүндөгү макаланын автору Ринат Тухватшинге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен чакыруу келгени 14-декабрда белгилүү болгон. Чакырууда Тухватшин күбө катары 15-декабрда УКМКга сөзсүз барууга тийиш экендиги жазылган.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы айтылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул макала боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, "мекеменин серверине тыштан кийлигишүү же башка бир сайттын жайгаштырылганы далилденген жок" деп билдирди. Мамкаттоо "Kloop.kg" сайтынын үстүнөн УКМКга кайрыларын да жарыялады.

Маалымат жыйынында макаланын автору Ринат Тухватшин Мамлекеттик каттоо кызматын "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканын "атайылап жашырууга аракет кылып жатат" деп сындаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG