Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Кыргыз-орус ишкерлеринин аймактык конференциясы өтөт


Кыргызстандагы ишканалардын бири.
Кыргызстандагы ишканалардын бири.

Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулган аймактык конференция өтөт. Ага ишкер чөйрөнүн 400дөн ашуун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анда аймактык кызматташуу, айыл чарба жана жеңил өнөр жай, транспорт байланышын арттыруу жана “Таза коом” долбоорунун алкагында санариптик экономика боюнча талкуулар өтөт.

Иш-чарага Орусиянын ири деп эсептелген компанияларынан 100дөн ашуун ишкер катышат.

Былтыркы ишкер форумдун жүрүшүндө Орусиянын аймактары Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын сатып алууну жолго салуу маселесин да талкуулашкан. Эки тараптын ишкерлери үчүн айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү тармагында кызматташууга бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG