Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

ИИМ: Жол кырсыктарында 83% айдоочулар күнөөлүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 83% айдоочулар күнөөлүү экени аныкталууда. Бул тууралуу өкмөттө жол коопсуздугун камсыз кылуу маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып ички иштер министри Улан Исраилов билдирди.

Анын айтымында, машинаны катуу айдоо, жолдо жүрүү эрежелерин бузуу, мас болуп айдоо сыяктуу көрүнүштөр жол кырсыктарынын көбөйүшүн шарттап жатат.

Быйыл жыл башынан бери жолдо катталган кырсыктар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,9% көбөйдү. Ал эми жол кырсыгынан каза тапкандар 4,3% азайды.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. (RK)

XS
SM
MD
LG