Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Аймактык телерадиокомпаниялар реформаланат


Аймактардагы мамлекеттик маалымат каражаттары реформаланат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Министр Султан Жумагулов облустук телерадиокомпаниялардын башчылары менен жыйын куруп, өкмөттүн чечими боюнча аймактарда медиа-борборлор түзүлөрүн айтты. Ал бул борборлор облустук мамлекеттик телерадиокомпаниялардын базасында иштей тургандыгын, алар маалыматтык тейлөө иштерин жүргүзөрүн белгиледи.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, реформанын максаты – облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу.

Жаңы медиа-борборлор ар бир облуста ачылат, алар телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар веб-сайты, пресс-борбор, медиа-мектеп (окуу борбору) сыяктуу платформалардан турат.

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана 6 облустук телеканал бар. (RK)

XS
SM
MD
LG