Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Kloop.kg" сайтынын кабарчысы үч саат УКМКда суракта болду


УКМК.
УКМК.

"Kloop.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Samara.kg" сайты жөнүндөгү макаланын автору Ринат Тухватшин бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинде суракта үч саат (10:00-13:00) болду. Бул тууралуу "Kloop.kg" сайтынын Facebook баракчасына жарыяланды. Бирок сурак кандай жүргөнү, эмне маселелер козголгону тууралуу маалымдалган жок.

Тухватшин УКМКга күбө катары чакырылып жатканы кечээ белгилүү болгон.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы айтылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул макала боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, "мекеменин серверине тыштан кийлигишүү же башка бир сайттын жайгаштырылганы далилденген жок" деп кечээ билдирди. Мамкаттоо "Kloop.kg" сайтынын үстүнөн УКМКга кайрыларын да жарыялаган.

Макаланын автору Ринат Тухватшин Мамлекеттик каттоо кызматын "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканын "атайылап жашырууга аракет кылып жатат" деп сындаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган эле. (RK)

XS
SM
MD
LG