Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Сирия боюнча Женевадагы сүйлөшүүлөрдө жылыш болгон жок


БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура.
БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура.

Женевадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи айлампасы 14-декабрда жыйынтыксыз аяктады. Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стефан де-Мистура "чоң мүмкүнчүлүк колдон чыгарылганын" билдирди.

Ал эки жумага созулган сүйлөшүүлөрдү эч кайсы тарап "саботаж" кылбаганын айтканы менен Сириянын президенти Башар Асаддын делегациясын өз талаптарынан кайтпаганы үчүн сынга алды. Өкмөттүк делегация "Сириядагы бийликтин алмашуусу менен коштоло турган өткөөл мезгилде президент Асаддын ролу болушу керек" деген талапты коюп жүрөт. Дал ушул талап буга чейинки сүйлөшүүлөрдү да туңгуюкка кептеп койгон.

БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура эки тарапты бетме-бет сүйлөштүрө албай койгонун кошумчалады.

Сириядагы жети жылга аяк баскан жарандык согуштан 350 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды. Миллиондогон адамдар качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG