Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынына ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппараты кабарлады.
Маалыматта “14-декабрдан бери Кубат Оторбаев үйдөн дарыланып жатат. Ага бейтапканадан “эмгекке жарамсыздык баракчасы” ачылган. Ошондуктан КСДПнын жыйынына катышкан жок жана бул тууралуу билдирүү фракциянын катчылыгына 14-декабрда жөнөтүлгөн. Акыйкатчы 26-октябрдан 4-ноябрга чейин да дарыланууда болгон. Андан башка учурларда тиешелүү комитеттин чакыруусу боюнча парламентке бир нече жолу барган, бирок, ар кандай себептерден улам анын жылдык баяндамасы каралган эмес” деп айтылат.
Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна фракциянын мүчөсү Рыскелди Момбеков билдирди. Анын айтымында, мындай чечимге фракциянын бүгүнкү жыйынына Оторбаевдин катышпаганы себеп болду.
Момбеков фракциянын чечими акыркы эмес экенин, эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарыларын кошумчалады.
“Жалпы парламент көпчүлүк добуш менен Акыйкатчынын жылдык баяндамасын кабыл албай койгону аны кызматынан алуу менен барабар болот”, - деп белгиледи депутат.
Жогорку Кеңеш Оторбаевди Акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган. (RK)