Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Москва соту экс-министр Улюкаевди күнөөлүү деп тапты


Алексей Улюкаев сот залында.
Алексей Улюкаев сот залында.

Москванын Замоскворецкий райондук соту Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевди паракорчулук боюнча күнөөлүү деп тапты. Судья Лариса Семёнова өкүмдү толук окуп бүтө элек.

Экс-министрге кандай жаза, качан чегерилери азырынча белгисиз. Сот залына камералар менен кирүүгө тыюу салынган.

61 жаштагы Улюкаев "Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинден "2 миллион доллар пара алган" деп айыпталууда. Улюкаев күнөөсү жок экенин билдирип, Сечин "тергөөчүлөргө калп айтып жатат" деген.

XS
SM
MD
LG