Брюсселдеги саммитте Европа Биримдигинин лидерлери мигранттарды уюмга мүчө өлкөлөргө жайгаштыруу маселеси боюнча мунаса таба алышкан жок. 14-декабрда башталган саммиттин биринчи күнүнүн соңунда немис канцлери Ангела Меркел маселени чечүү үчүн "көп иш" жасалышы керектигин айтты.
Еврокомиссия мүчө мамлекеттерди Батыш Африка өлкөлөрүнөн Италия менен Грецияга келген 160 миң мигрантты жайгаштырууга милдеттендирген. Бирок алардын 32 миңи гана Евробиримдиктин аймактарына бөлүштүрүлгөн.
7-декабрда Еврокомиссия мигранттарды жайгаштыруу тапшырмасын аткарбай жатат деген жүйө менен Венгрия, Польша жана Чехиянын үстүнөн Евробиримдиктин сотуна кайрылган.
Жума күнү Брюсселдеги саммитте евроаймактын келечеги жана Брексит сүйлөшүүлөрү талкууланат.