Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Түрк медиасы: орус элчисинин өлүмү боюнча жаңы шектүү кармалды


Түрк медиасы Орусиянын Анкарадагы мурдагы элчиси Андрей Карловдун атып өлтүрүлүшү боюнча жаңы шектүү кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, мурдагы полиция кызматкери Рамазан Южел Анкарада сурак бергенден кийин камакка алынган.

CNN Turk телеканалы бул адам бозгундагы түрк диниятчысы Фетхулла Гүленге байланышы бар деген жүйө менен буга чейин иштен алынганын билдирди.

Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарада фотокөргөзмөдө сүйлөп жатканда ага атылган октон каза тапкан. Ага ок чыгарган 22 жаштагы полицей Мевлүт Мерт Алтынташ окуя болгон жерде атып өлтүрүлгөн.

Түрк бийлиги бул кол салуу боюнча бир нече адамды кармаган. Алардын арасында ТРТ мамлекеттик телеканалынын мурдагы продюсери Хайреддин Айдынбаш да бар.

XS
SM
MD
LG