Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 07:59

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы аскер кызматкеринин өлүмүн иликтей баштады. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта окуя бүгүн Абадан коргонуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн биринде болгону, мөөнөттүү кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер өзүн өзү атып өлгөнү айтылды.

Башкы штаб билдиргендей, маркум 22 жашта болчу.

Факт боюнча кызматтык иликтөө башталды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG