Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:56

Орусиянын мурдагы экономика министри 8 жылга кесилди


Алексей Улюкаев сот залында.

Москванын соту Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевди паракорчулук боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Ошондой экс-министрге 130 миллион рубль (2,2 млн. доллар) айып пул салынды.

Өткөн аптада прокурорлор Улюкаевди он жылга түрмөгө кесүүнү, аны менен катар 500 миллион рубль же 8,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө айыппул салууну соттон өтүнүшкөн.

Мурдагы экономика министри өткөн жылдын 15-ноябрында "Роснефть" компаниясынын кеңсесинде анын жетекчиси Игорь Сечинден пара алып жаткан жеринен кармалган. Эртеси эле күнү Путин аны "ишенимдин кеткенине байланыштуу" кызматтан алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу «Башнефть» компаниясын сатып алууну оң баалаш үчүн эки миллион доллар талап кылган.

Айыптарды четке каккан Улюкаев тергөөчүлөр кылмыш ишин бир гана Игорь Сечиндин көрсөтмөлөрүнө таянып козгошконун жана ага каршы уюштурулган чагымга Федералдык коопсуздук кызматы жана "Роснефть" компаниясы аралашканын айткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG