Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Прокуратура: Өспүрүмдү кыйнаган милиционердин иши сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда өспүрүмдү кыйноо фактысы боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июль айында Ноокен районунун Ормон-Сай айылында болгон мушташ учурунда "курдашына бычак менен кол салган" деген шек менен кармалган өспүрүмдү милиция сабап көрсөтмө алган. Натыйжада ал баланын кулагы чала угуп калган.

Өспүрүмдөн жабыркаганы айтылган бала ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектүү бала милицияда сегиз саат кармалып турган. Баласын күч кызматкерлери кыйноого алганы тууралуу арызды 14-июлда прокуратурага анын апасы жазган.

24-июлда Ноокен райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 5-декабрда Бүргөндү айылынын милиция бөлүмүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин 305 ("Өспүрүмдү кыйноо") жана 105 ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") беренелеринин негизинде айып тагылды.

Ишти Ноокен райондук соту карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG