Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Бишкектин быйылкы жаңы жылдык жасалгасына 15 млн. сом жумшалат


Илююстрациялык сүрөт.
Илююстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы быйыл шаардын Жаңы жылдык жасалгасына 15 миллион 580 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта “Бишкекжарык” ишканасы шаарды кооздоого сынак жарыялаганы айтылды.

Натыйжада Ала-Тоо аянтындагы балатынын өзүнө 1 миллион 200 миң сом, жалпы аянтты кооздоого 2 миллион 800 миң, 3D форматындагы түзүлүшкө 9 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми борбордук көчөлөрдү, Жаштар аллеясы менен Курманжан датка эстелигинин тегерегин кооздоого жалпысынан 2,5 миллион сом сарпталды.

Башкы балатынын чырактары бүгүн жандырылат. Анын бийиктиги 25 метр. (RK)

XS
SM
MD
LG