Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Брексит сүйлөшүүлөрүнүн жаңы этабы жарыяланды


Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер менен британ өкмөт башчысы Тереза Мэй. Брюссель, 8-декабрь.
Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер менен британ өкмөт башчысы Тереза Мэй. Брюссель, 8-декабрь.

Европа Биримдигинин лидерлери Улуу Британиянын уюмдан чыгышы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабын баштоону макулдашты. Жума күнү Брюсселдеги саммитте кабыл алынган мындай чечимди Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жарыялады.

Брексит сүйлөшүүлөрүнүн экинчи этабында Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы соода эрежелери кандай болоору талкууланат. Бул сүйлөшүүлөр жазында башталат деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада Брюссел менен Лондон маанилүү макулдашууга жетишкенин, сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы аяктаганын билдиришкен. Ага ылайык Ирландия менен Британиянын ортосунда катаал чек ара тартиби болбойт жана Британия менен Евробиримдиктеги эки тараптын жарандарынын укуктары сакталат деп чечилген.

Британдар 2016-жылдын июнь айындагы референдумда Евробиримдиктен чыгууну тандашкан. Брюссел менен сүйлөшүүлөр быйыл 17-июлда башталган.

XS
SM
MD
LG