Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

Британ ханзадасы Гарри менен актриса Маркл 19-майда үйлөнөт


Британ ханзадасы Гарри менен актриса Меган Маркл Ноттингемдегы иш-чарада, 1-декабрь.
Британ ханзадасы Гарри менен актриса Меган Маркл Ноттингемдегы иш-чарада, 1-декабрь.

Британиянын ханзадасы Гарри менен америкалык актриса Меган Маркл 19-майда үйлөнө турган болду. Үйлөнүү үлпөтү Лондондун чет-жакасындагы Виндзор сарайында өтөрүн британ падышасынын үй-бүлөсү 15-декабрда кабарлады.

Алардын никеси 15-кылымда курулган Ыйык Жорж чиркөөсүндө кыйылат. 33 жаштагы ханзада Гарри британ тактысына мураскерлердин тизмесинде бешинчи сапта турат. Ал актриса Маркл менен 2016-жылы орток достору аркылуу таанышып, андан бери мамилелерин жашыруун кармап келишкен.

Алар үйлөнө турганын Гарринин атасы ханзада Чарльз 27-ноябрда жарыялаган. Гарри - ханзада Чарльз менен маркум канике Диананын Уильямдан кийинки экинчи уулу.

XS
SM
MD
LG