Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Санкт-Петербург шаарында бомба чабуулдарын уюштурууну пландаган деген шек менен жети кишини кармады. ФСБнын жума күнкү маалыматында бул адамдар 13-14-декабрда колго түшүрүлгөнү, алардын арасында жанкечти жардырууларына камдангандары да бар экени айтылат. Азырынча кармалгандардын тек-жайы, атуулдугу так белгисиз.
Орусиянын коопсуздук күчтөрү бул шектүүлөр "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгүн белгилеп, аларга кимдир бирөөлөр "Телеграм" түйүнү аркылуу өлкө сыртынан багыт берип турганын билдирди.
Үч күн мурда ФСБ жаңы жыл майрамдары жана президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда теракттарды уюштурууну пландады деген шек менен Москванын чет жакасында дагы бир топту кармаган.