Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Опера жана балет театрынын отургучтары 7,9 миллион сомго жаңыланат


Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын отургучтарын реставрациялоого 7,9 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашты.

Алгач театр отургучтарды жаңылоого 15 миллион сомдон ашык каражат төлөөгө даярдыгын билдирген. Тендерге үч компания катышып, “Азат мебель” ЖЧКсы 13 миллион сомго ишти аткарууга даяр экенин билдирген, “Лина” 14 миллион сомдон ашык акчаны сунуштаган, ал эми «Бек-Назик Строй» 7 миллион 899 миң сомго ишти аткарууга даяр экенин арызда көрсөткөн. Натыйжада «Бек-Назик Строй» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын толук ремонттон өткөрүү үчун 2016-жылы 37 миллион сомдон ашык каражат каралган. (SDz)

XS
SM
MD
LG