Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 19:09

Флоридада нике кыйган алдамчы компания аныкталды


Флоридадагы Союз өлкөлөрүнүн жарандары

АКШ бийлиги жасалма нике кыйган компания аныкталганын маалымдады. Андагы схемага ылайык, жасалма никеген тургандардын көбү АКШ жана мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн жарандары.

Бул "кызматтын" баасы 20 миң долларга бааланып, чет өлкөлүктөрдүн АКШда туруктуу жана мыйзамдуу жашоосуна мүмкүнчүлүк бере турганы убада кылынган.

Күбөлөрдүн маалыматында, компания аркылуу 100дөн ашуун киши баш кошууга жетишкен. Florida Today жергиликтүү бийлик никеге тургандардын саны кескин көбөйүп кеткенин байкагандан кийин текшерүү жүргүзгөнүн жазды.

Флориданын полициясы тогуз шектүү адамды кармап, экөө күнөөсүн моюнуна алды. АКШ мыйзамдарына ылайык, жасалма нике уюштуруу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жана 250 миң айып пул салынат. (SDz)

XS
SM
MD
LG