Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Пентагон Ооганстанда Орусия менен кызматташтыкка үмүт артты


Джейм Мэттис
Джейм Мэттис

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис, Ооганстандагы абалды жайгарууда Орусия менен кызматташтыкка үмүт артты. Бул тууралуу Пентагондун маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Ооганстандагы кырдаалды стабилдештирүүгө АКШ менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Ушул айдын башында The Washington Times гезити америкалык дипломаттар Орусия менен кеңейтилген аскердик кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын иликтеп жатканын жазган.

Ноябрда НАТО Ооганстандагы аскерлеринин санын 13 миңден 16 миңге чейин көбөйтөрүн, бул аракеттер Кабул өкмөтүнүн талиптер менен күрөшүүсүнө көмөк болорун маалымдаган. Аскерлердин жарымы АКШ тараптан, калганы НАТОго мүчө өлкөлөрдөн куралары айтылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG