Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Кара-Буурада жаңы ФАП ачылды


15-декабрда Таластын Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында жаңы фельдшер-акушердик пункттун ачылышы болду. Ага райондун акими Баратбек Сыдыкназаров, ФАПты курууга материалдык көмөк көрсөткөн Катардын кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү катышты.

Медициналык жайда фельдшердин бөлмөсү, ийне саюучу кабинеттер бар. Бардык керектүү жабдуулар коюлган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Катардын кайрымдуулук уюмдарынын жардамы менен сегиз ФАП куруу пландалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG