Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы жыйынтыкталды


Архив
Архив

Бишкекте өткөн VII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чаранын уюштуруучулары кабарлагандай, улуттук сынак боюнча мыкты фильм наамы режиссер Касиет Кубанычбек кызынын “Оймок” тасмасына ыйгарылды. Мыкты режиссерлук фильм деп Евгений Чистяковдун “Ташкөмүр” тасмасы таанылды. Аталган фильм мыкты үн коштоо жана шөкөттөө боюнча да жогорку баага татыды.

Калыстардын атайын байгесине Азамат Шаршеновдун “Жашоо керемет” фильми тандалса, калыстардын өзгөчө белгилөөсүнө Мээрим Догдурбекованын “Бакыт” тасмасы, Токтобек Үсөновдун “Аялдардын түйшүгү эмес” фильми ээ болду.

Ал эми эл аралык конкурс боюнча украиналык режиссер Хан Жалалдын “Кийин” фильми мыкты тасма деп тандалды. Мыкты режиссерлук иш наамы боюнча грузиялык Иосеб Блиадзенин “Үч тепкич”, ал эми калыстардын атайын наамына Эстониядан келген “Жеңиш” тасмасы ээ болду.

Быйыл фестивалдын алкагында калыстар тобунун курамына Орусия, Грузия, Казакстан, Армения жана Кыргызстандын кино адистери кирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG