Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Мирзиёев Өзбекстанда Ислам академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койду


Ташкенттеги борбордук мечит
Ташкенттеги борбордук мечит

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-декабрда өлкөдө Ислам академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койду. “Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын сунушуна макул болуу менен, Ташкентте Имам Ал-Бухара атындагы Ислам академиясы түзүлсүн” - деп жазылат Мирзиёев кол койгон документте.

Академияны түзүү менен Өзбекстан жогорку жана орто диний билим берүү мекемелерде жогорку квалификациялуу кадрлардын таңсыктыгын жоюуну максат кылууда.

Мамлекеттик эмес академиянын негиздөөчүлөрү болуп Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгы болмокчу. 2018-2019-жылдар аралыгындагы алгачкы окуу жылындагы магистратурасына 16 студент кабыл алынат. Кийинки жылдардагы квоталар илимий-педогогикалык кадрларга муктаждыкка жараша аныкталат.

Ушул жайда Шавкат Мирзиёев Ташкентте Ислам цивилизациясы борборунун курулушуна багытталган токтомго кол койгон. Ал эми июль айында Самаркандда эл аралык Ислам изилдөө борборун ачуу чечимин кабыл алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG