Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Макфол Трампты Путин менен сүйлөшкөнү үчүн сындады


АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол
АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол президент Дональд Трампты орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнү үчүн сындады.

Макфол MCNBC каналына берген маегинде Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсү улуттук кызыкчылыкка жооп бербесин айтты. Мурдагы элчи бул сүйлөшүүнү уюштуруп берген Трамптын кеңешчилерине таң калганын жашырган жок.

Макфол Ак үйдүн жетекчисин америкалык экономикага оң баа бергени үчүн Путинге ыраазылык билдиргенин сындады.

Орусия менен АКШнын президенттери телефондон сүйлөшкөнү 15-декабрда, Путиндин жылдык жыйыны учурунда белгилүү болгон.

Кремлдин маалымат кызматы Путин менен Трамп эки тараптуу алаканы, өзгөчө Түндүк Кореянын ядролук көйгөйүн талкуулаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG