Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Бухарестте мурдагы король Михай жерге берилди


Кишиневдогу Румыниянын элчилигинин алдындагы коштошуу тактасы. Молдова
Кишиневдогу Румыниянын элчилигинин алдындагы коштошуу тактасы. Молдова

Румыниянын 96 жаштагы мурдагы королу 5-декабрда Швейцарияда көз жумган.

16-декабрда аны менен коштошууга Британиядан ханзада Чарльз, Швециянын королу Карл XVI Густав ханыша Силвия менен, Испаниянын мурдагы королу Хуан Карлос ханыша София менен барды. Алар тажияда Румыниянын президенти Клаус Йоханис менен чогуу турушту.

Ага чейин королдун жасаты салынган табыт Бухаресттин Революция аянтына коюлуп, аны менен коштошуу үчүн он миңдей адам келди.

Британиянын ханышасы Елизаветанын аталаш тууганы Михай 1947-жылы тактан кулап, ошондон бери Батышта жашап келген. 2016-жылы ак кан оорусуна чалдыкканына байланыштуу коомдук турмуштан алыстаган эле.

XS
SM
MD
LG