Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Шадиев: Кышка даярдык график менен жүрүп жатат


Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ал белгилегендей, энергетикалык компаниялар кыштын эң суук күндөрүндөгү милдетин аткарууга өз убагында жана сапаттуу даярданганына байланыштуу, жылытуу мезгилинен баштап энергетика тутуму стабилдүү иштеп жатат.

«Эң негизгиси, биз өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023» программасынын чегинде жылытуу, ысык суу менен жабдуу жана азык даярдоо максаттарына электр энергиясын пайдалануу укугу менен техникалык шарттарды берүү боюнча чектөөлөрдү алып салууга жетиштик», – деп белгиледи Шадиев.

Жыйында Энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, өлкөдө бардык бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча 11,8 млрд сом суммасындагы төлөм чогултулуп, бул болжол менен 1,4 млрд сомго жогору экенин айтты.

Биринчи вице-премьер-министр республика боюнча отун даярдоо маселесине басым жасап, жыл соңуна чейин көмүр ташуу графиги аткарылышы керектигин белгиледи.

Буга чейин Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгынан улам кыш мезгилинде өлкө бир топ энергетикалык кыйынчылыктарга тушуккан. 13-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы 18,4 млрд куб метрди түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 2 млрд. куб метрге жогору. (SDz)

XS
SM
MD
LG