Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

ПАРНАС Орусиянын президенттигине талапкер чыгарбайт


ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин
ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин

ПАРНАС партиясынын федералдык саясий кеңеши президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарбайт.

Бирок партия Алексей Навальный, Григорий Явилинский жана Ксения Собчактын аракеттерин колдой турган болду. Саясий кеңеш Владимир Путиндин шайлоого катышуу үчүн өзүн өзү талапкер катары жылдыруусу Конституцияга каршы келерин билдирди.

Партия жетекчилиги Ленинград облусу боюнча координатор жана федералдык саясий кеңештин мүчөсү Александр Расторгуевдин тогуз суткага камакка алынышын айыптады.

ПАРНАСтын билдирүүсүндө, бийлик саясий күчтөрдү ыдыратуу менен өзүнүн шайлоодогу көздөгөнүнө жетүү аракетин көрүп жатат. Партия өз аракетин бириктирүү саясаты демократиялык өлкөдө ишке ашпаганын, ушундан улам шайлоого талапкерди жылдырууга негиз жоктугуна токтолду. (SDz)

XS
SM
MD
LG