Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Киевде үчүнчү жолу “Импичмент үчүн” маршы өткөнү жатат


Киевдеги бийликке каршы марш. (10-декабрь, 2017-ж.)
Киевдеги бийликке каршы марш. (10-декабрь, 2017-ж.)

Михаил Саакашвили марштын максаты Украинаны диктатурадан сактап калуу экенин айтты. Акцияда негизги айтылчу талаптар – бийликтен олигархтарды кетирүү, коррупцияга каршы бюронун ишине кийлигишпөө, саясий куугунтукту токтотуу, баш прокурор Юрий Луценкону кызматтан кетирүү, коррупцияга каршы сотторду түзүү жана Украинанын президентине импичмент жарыялоо механизмдерин киргизүү болмокчу. Марштан соң митинг көз карандысыздык майданында уланмакчы.

Бир нече күн мурда Грузиянын мурдагы лидери Украина президенти Петро Порошенкого элдешүү боюнча кат жазганы белгилүү болду. Бирок Саакашвили жана анын тарапташтары бул билдирүү тууралуу комментарий бере элек.

Михаил Саакашвилини Украинанын коопсуздук кызматы 8-декабрда тергөө абагына камаган. Ага кылмыш топтору менен сүйлөшүүгө барып, мурдагы Украина президенти менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөнүнө байланыштуу бир катар айыптар тагылган. 11-декабрда Киев райондук соту Саакашвилини камоодон баш тарткан. Башкы прокуратура райсоттун чечимине доо арыз менен кайрылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG