Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Пакистанда жанкечтинин чиркөөдөгү жардыруусунан кеминде тогуз киши өлдү


Жарадарларды ооруканага жеткирүү учуру. 17-декабрь, 2017-жыл.
Жарадарларды ооруканага жеткирүү учуру. 17-декабрь, 2017-жыл.

Кандуу окуя өлкөнүн түштүк-батышында, Ооганстанга чектеш Балучистан провинциясынын борбору Кветта шаарында болду. Расмий өкүлдөр кабарлагандай, чиркөөдөгү жардыруудан кеминде тогуз адамдын өмүрү кыйылып, элүүдөн ашуун киши жарадар болду.

Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчиликти алды. Мындай маалыматты ага байланышы бар “Amaq” жаңылыктар агенттиги таратты.

Балучистан провинциясынын жергиликтүү бийлигинин маалыматына караганда, чиркөөгө кол салууга эки согушкер катышкан.

Бирөөсү жанкечтинин курундагы дүрмөттү 400дөй адам чогулган чиркөөнүн дарбазасында ишке келтирсе, экинчисин жардыруу жасаганга чейин коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүүгө үлгүргөн.

Пакистандын борбордук бийлик өкүлдөрү жардырууну айыпташты. Христиандар өлкөнүн 200 миллиондой калкынын 1,6% түзөт.

Башка диний азчылыктар менен катар Пакистандын христиан жамааты да дискриминацияга жана исламчыл согушкерлердин чабуулдарына дуушар болуп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG