Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 19:10

Кремл: БЧБ Санкт-Петербургдагы терактын алдын алууга жардам берди


Трамп менен Путин Вьетнамдагы саммитте жолугушкан учур. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Кремлдин билдиргенине караганда, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (БЧБ) Орусияны Санкт-Петербург шаарында пландалган терактын алдын алууга жардам берген маалымат менен камсыздаган.

Орус президенти Владимир Путин 17-декабрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШнын президенти Дональд Трампка “террорчуларды кармоого” жардам берген маалымат үчүн ыраазычылык билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөнүн ырастады.

Кремл өзү билдирүүсүндө белгилегендей, Путин Трамптан БЧБнын директору Майк Помпеого жана АКШнын чалгын офицерлерине ырахмат айтып коюуну да суранган.

Кремл ошондой эле “Путин Трампты Орусиянын коопсуздук кызматтары АКШга жана анын жарандарына каршы террор коркунучу боюнча маалымат алган учурда дароо америкалык кесиптештерине берерине ишендиргенин” кошумчалады.

Президенттердин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн эки күн мурда, 15-декабрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ - "Санкт-Петербург шаарында бир нече теракт жасоону көздөгөн" деген шектенүү менен жети кишини кармаганын жарыялаган эле.

ФСБ бул шектүүлөр "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн экенин белгилеп, аларга кимдир-бирөөлөр "Телеграм" түйүнү аркылуу өлкөнүн сыртынан багыт берип турганын билдирген.

Путин менен Трамп өткөн бейшемби күнү да телефондон сүйлөшүп, анда Түндүк Корея маселесин талкуулашканы маалымдалган. (UE)

XS
SM
MD
LG