Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Жергиликтүү шайлоолорго 8 миллион сомдон ашуун каражат сарпталат


Чүй, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерине 28-январда өтө турган шайлоого 8 292 300 сом жумшалат. Бул акча шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө сарпталарын "Азаттык" радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов көзөмөлдөйт. Каржыны көзөмөлдөө төрайым Нуржан Шайлдабекованын мойнунда.

Ал эми талапкерлер короткон акчанын эсеп-кысабы РСК жана "Айыл банк" аркылуу жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG