Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:27

“Мигрантка телефон чал” аттуу акция башталды


Орусиядагы мигранттар.

18-декабрь - Эл аралык мигрант күнүнө карата Ош жана Жалал-Абадда “Мигрантка телефон чал” деп аталган акция башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруп жаткан ISEDA коомдук фондунун өкүлү Айнура Мамажунус кызы “Азаттыкка” билдирди.

Акциянын алкагында миграция боюнча адистер жана юристтер Жалал-Абад шаарында жана Ош шаарында, эки облус аймагындагы калктуу конуштарда жана эл көп топтолгон базарларда мигранттарга жана алардын жакындарына укуктук кеңештерди беришет.

Долбоордун алкагында мигранттардын туугандары Орусияда, Казакстанда иштеген жакындарына акысыз телефон чалып, адистер менен чогуу көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылышат.

Бир нече мектептердин бүтүрүүчү класстарына миграция боюнча сабактар өтүлөт. Акция 22-декабрга чейин уланат.

ISEDA коомдук фонду бул долбоорду Эл аралык миграция боюнча уюму (IOM) менен кошо USAIDдин колдоосунда ишке ашырууда. Алар чет жакка эң көп мигранттар кеткен аймак катары Ош жана Жалал-Абад облустарын тандап алган.

Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG