Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Ошто суукка тоңуп өлгөн кишинин сөөгү табылды


Бишкектеги селсаяктардын баш калкасы. Иллюстрация.
Бишкектеги селсаяктардын баш калкасы. Иллюстрация.

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында, жылуулук өтүүчү түтүктөн 25-30 жаштардагы эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, маркум түтүккө жылынып отурган учурда жыгылып кетип каза болушу мүмкүн. Ал туруктуу жашаган жери жок, селсаяк болгон деп божомолдонуп жатат.

Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алар тергөө иштерин алып барууда.

Ошто селсаяктар жата турган атайын баш калка жок. Ошондуктан жыл сайын кышта 10го жакын үй-жайсыз жаран каза болот. Бишкек шаарында мэрия ачкан төрт баш калкада азыр 200дөй селсаяк жашап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG