Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:14

Бишкектеги жол кырсыгында милиция кызматкерлери жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 18-декабрда таңга жуук болгон жол кырсыгында үч милиционер жана бир жөнөкөй жаран жабыркады. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, окуя Бөкөнбаев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон:

- Биздин кызматкерлердин машинеси светофордо токтоп турган учурда артынан башка бир унаа келип сүзгөн. Үч кызматкерибиздин мээси чайкалган.

Милиция кызматкерлери жана алардын унаасын сүзгөн машиненин айдоочусу ооруканада. Унааларга да зыян тийген. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиционерлер 102 кызматынын атайын унаасында жумуш менен баратканы айтылууда. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG