АКШнын президенти Доналд Трамп бүгүн жаңы улуттук стратегиясын жарыяламакчы. Вашингтондогу расмий адамдарга шилтеме жасалып тараган маалыматтарга караганда, президент өз сөзүндө "адегенде Америка" деген саясатына басым жасап, Кытайды "экономикалык агрессияга" байланыштуу айыптайт деп күтүлүүдө.
Трамп президент Си Цзинпинди маал-маалы менен кубаттоо менен катар "Кытай соодада адилетсиз ыкмаларды колдонот" деп сындап келет. Ал ошондой эле бир канча жолу Бээжинди баллистикалык ракета менен ядролук сыноолорун токтотпой жаткан Түндүк Кореяга кысым көргөзүүгө үндөгөн.
Айрым эксперттер Кытайга карата мындай катаал позиция азиялык гигант менен соодага терс таасир этээрин эскертишет.
Коопсуздук стратегиясы – президент Роналд Рейгандан бери келе жаткан салттуу документ. Адатта ал ар төрт жылда жазылат.