Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кабулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алды


Кабул.
Кабул.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кабулда “Ислам мамлекети” экстремист уюмунун согушкерлери чалгын кызматынын машыгуу борборунун жанындагы курулушка чабуул коюшканын кабарлады. Маалыматка караганда, алар ошол жерден борборду аткылашкан. Ал жерге келген коопсуздук аскерлери менен жоочулардын ортосунда кармаш тутанып, үч согушкер атып өлтүрүлдү.

Чабуулга канча согушкер катышканы белгисиз. Коопсуздук күчтөрүнүн же карапайым адамдардын арасындагы жоготуулар тууралуу да айтылган жок.

"Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнүн "Амак" пропагандалык сайты аркылуу кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алды.

Ооган баш калаасында буга чейин "Талибан" жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму бир нече кол салууларды уюштурган. 2014-жылы Батыш өз аскерлеринин басымдуу бөлүгүн Ооганстандан чыгаргандан бери теракттар көбөйдү. Кечээ талип согушкерлери Гилменд чөлкөмүндө эки текшерүү пунктуна кол салып, 11 полициячы окко учту.

XS
SM
MD
LG