Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Жоголуп кеткен экспонаттар боюнча парламентте комиссия түзүлдү


Музейдеги экспонаттардын бири.
Музейдеги экспонаттардын бири.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алкагында Кыргызстандын музейлеринде жоголуп кеткен экспонаттардын жоголушун изилдөө боюнча комиссия түзүлдү.

Мындай сунуш киргизген Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев Бишкектин Орто-Сай базарынан арзан баага эски тыйын сатып алганын, кийин адистер анын XII кылымга таандык буюм экенин аныктаганын билдирди. Депутат бул буюм музейлерден уурдалып кеткен буюм болушу мүмкүн экенин, Кыргызстандагы музейлерден жоголгон экспонаттар чет өлкөдө аукциондордо сатылып жатканын белгиледи. Ал ошондуктан экспонаттардын кандай жагдайда жоголгонун жакшылап иликтеш керек экенин айтты.

Комитеттин мүчөлөрү депутаттын сунушун бир добуштан колдоп, атайын комиссия түзүштү.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы Маданият министрлигинде коррупциялык 26 кооптуу жагдай бар экенин аныктап, он жыл ичинде тарых музейинен 503 экспонат жоголгонун жарыялаган. Алардын арасында зер буюмдар, карапалар, металл беткаптар, Библия менен Курандын кол жазмалары, баалуу сүрөттөр бар. Адистер булардын айрымдары миң, бир жарым миң жылдык тарыхка ээ экенин айтса, наркын 4-5 млн. сомдук деп баалашат. (ErN)

XS
SM
MD
LG