Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Чилиде миллиардер Пиньера президенттик шайлоодо жеңди


Себастьян Пиньера.
Себастьян Пиньера.

Чилиде консерватор Себастьян Пиньера президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Борбордук шайлоо комиссиясы миллиардер Пиньера  54 жарым пайыз добуш, анын атаандашы, борборчул-солчул Алехандро Гийер 45,4 пайыз добуш алганын билдирди. Бул Пиночеттин диктатурасы аяктагандан бери борборчул-солчул күчтөр үчүн чоң утулуш. 

68 жаштагы Пиньера өлкөнү 2010-2014-жылдар аралыгында жетектеп турган. Ал шайлоо алдында ишкерликке, экономикалык өсүшкө жакшы шарт түзүүгө убада берип келди. Пиньера эмки мартта социалист Мишель Бачленин ордун басмакчы. 

 

XS
SM
MD
LG