Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Алманбет Шыкмаматов сотто жарыш сөзүн сүйлөп жатат


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда. Ушул тапта эл өкүлү жарыш сөзүн сүйлөп жатат.

- Менин күнөөм - бийликке аттандаш катары сын айтканым, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, парламентте комитет төрагасы катары Венеция комиссиясына кайрылганым. Конситуциялык реформага каршы чыкканым үчүн куугунтукка кабылдым.

Сотко Шыкмаматовду колдоп парламенттин депутаттары Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, жарандык активист Рита Карасартова жана башкалар келишти.

Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүн ал жарыш сөзүн жана акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы мүмкүн.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Андан тышкары, "анын үй-мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын" деген өтүнүч келтирген.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат.

Германиялык жаран Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан.

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп баалап келет.

Шыкмаматов 2016-жылдын 18-августунда Венеция комиссиясына кайрылып, бийликтин Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү аракети боюнча эксперттик корутунду берүүнү өтүнгөн болчу.

Кыргызстандын Баш мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдумда өзгөртүлгөн. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG