Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Алманбет Шыкмаматовдун соту 19-декабрга жылды


Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы коюлган акция учурунда.
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы коюлган акция учурунда.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу сот иши эртеңкиге, 19-декабрга жылды.

Бүгүнкү сотто Шыкмаматов жарыш сөз сүйлөп, бул иште анын айыбы жок экенин, конституциялык реформаны сынга алып, бийликке каяша айтканы үчүн ага кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми аны менен бирге айыпталып жаткан экс-депутат Жусуп Иманалиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, сотту өзү көзөмөлгө алышын суранды.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Андан тышкары, "анын үй-мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын" деген өтүнүч келтирген. Бүгүнкү сотто өкүм чыгышы күтүлүп жаткан.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиялык жаран Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан.

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, аны "саясий куугунтук" деп баалап келет. (ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG