Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Ооганстанда Балх провинциясынын губернатору кызматтан кетти


Атта Мохаммад Нур. 21-июнь, 2013-жыл.
Атта Мохаммад Нур. 21-июнь, 2013-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Балх провинциясынын губернатору, тажик улутундагы Атта Мохаммад Нурдун кызматтан кеткенин жарыялады.

Таасирдүү саясатчылардын катарына кирген Нурдун партиясы анын кызматтан алынганын айтууда. Президенттин кеңсеси бүгүн билдиргендей, Гани 2004-жылдан бери бул кызматты ээлеп келген губернатордун арызын канааттандырды. Билдирүүдө анын ордуна Мохаммад Дауд дайындалганы айтылат.

Нур өзү соңку окуя боюнча үн ката элек. Бирок ал кошо жетектешкен "Жамият-и Ислами" партиясы бул чечимди президент "өзү кабыл алганын", "мындай жоопкерчиликсиз кадам улуттук биримдик өкмөтүнүн принциптерине туура келбей тургандыгын" билдирди.

Партия өз жетекчиси, өлкөнүн тышкы иштер министри Салуддин Раббани чет өлкөдөгү сапарынан кайтып келген соң расмий позициясын билдирээрин маалымдады. Айрым кабарларга караганда Ганинин өкмөтүн сындап келген Нур 2019-жылкы президенттик жарышка катышаарын кыйыткан. Гани болсо өз чечимин айта элек.

XS
SM
MD
LG