Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Австрияда курамына улутчулдар кирген жаңы өкмөт ант берди


Австриянын жаңы канцлери Cебастьян Курц 18-декабрда ант берди. 31 жаштагы саясатчы Европадагы эң жаш өкмөт башчы болуп калды.

Анын жетектөөсүндөгү Австриянын Элдик партиясы улутчул Эркиндик партиясы менен коалиция түзүүгө жетишти. Жаңы кабинет ант берип жатканда Венада 6 миңдей киши нааразылыгын билдирип, “нацисттерди каалабайбыз” деген ураандарды кыйкырып турушту.

Эки партия тең иммигранттарга баш калка берүү эрежелерин күчөтүү багытында иш алып барышарын айтышууда. Саясий оппоненттер улутчулдарга маанилүү Ички, Тышкы иштер жана Коргоо министрликтери берилгенине кабатырлыгын билдирип жатышат. Эркиндик партиясынын лидери Хайнц-Кристиан Штрахе болсо эми вице-канцлер кызматын аркаламакчы.

XS
SM
MD
LG