18-декабрдын таңында болгон кырсыктан жабыркаган 77 адам ооруканага жеткирилди. Жаңы ачылган Сиэтл - Портленд багыты боюнча биринчи каттамда бара жаткан поезд Такома шаарына жакын жерде рельстен чыгып кеткен.
132 тонналык локомотив темир жолдун түбүндө жайгашкан көп багыттуу автомагистралга кулаган. Кырсык учурунда автомагистралда унаалар көп болгон, бирок айдоочулар да, жүргүнчүлөр да зыян тарткан жок.
Эки вагон жолдон чыгып кеткени, дагы экөө көпүрөгө асылып калганы, жалпысынан 13 вагон рельстен чыгып кеткени кабарланды. Поездде 78 жүргүнчү жана бригаданын жети жумушчусу болгон. Көпчүлүк жүргүнчүлөр вагондордон терезелер аркылуу чыгууга жетишкен.
Жаңы ачылган каттамда жүрүү ылдамдыгы саатына 130 чакырымдан ашпашы керек. Азырынча поезддин ылдамдыгы белгисиз.
Бул каттам АКШнын түндүк-батыш штаттарындагы эки ири шаарды байланыштыруучу темир жол каттамындагы алгачкы рейс болчу. Бул каттам 2008-жылкы каржы кризисинен кийин кабыл алынган федералдык программа боюнча курулган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл жашаган аймактарды аралап өткөн бул долбоорду сындап чыгышкан. Алардын сөзү боюнча эл жашаган жерлерде тез жүрүүчү поезддердин ылдамдык коопсуздугу толук каралган эмес.
Президент Доналд Трампка кырсык тууралуу маалымат берилгени, окуя болгон жерде Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук башкармалыктын 20 өкүлү иштеп жатканы айтылууда.