Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Тажикстан Кыргызстандан кирген унаалардан экологиялык төлөм ала баштады


Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз тилкеси.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Катта-Туз тилкеси.

Буга нааразылыгын билдирип, Баткен-Исфара каттамынын жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 18-декабрда облустук жетекчиликке кайрылышты. Айдоочулардын бири Таштан Эгембердиевдин сөзү боюнча, Тажикстанга кирген кыргызстандык унаалар 15-декабрдан тартып "экологиялык төлөм" деген негиз менен 500 сомдон 2500 сомго чейин төлөй башташкан:

- Күнүнө ашып барса үч каттам болот. Ар бир кирген сайын эки миң сомдон берсек, күнүгө 6 миң сом болот. Жол кире бир кишиге жүз сом. Бизге эч нерсе калбай атпайбы. Иштебей атабыз, каттам токтоп калды.

Айдоочуларды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов кабыл алып, тажик тараптын жаңы шарттары тууралуу түшүндүрүп берди.

Абдрахмановдун сөзү боюнча, Тажикстан бийлигинин 29-ноябрдагы токтомуна ылайык, 15-декабрдан тартып экологиялык төлөмдөр алына баштаган. Маалыматка ылайык, Тажикстанга Кыргызстандан кирген мотоцикл - 62 тажик сомониси (орточо 500 сом), жеңил автоунаа -124 сомони (1000 сом), кичи автобустар 250 сомони (2000 сом), ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар жана автобустар 300 тажик сомониси (орто эсеп менен 2400 сом) өлчөмүндө экологиялык төлөм төлөөгө тийиш.

Абдрахманов ошондой эле айдоочуларга Исфара-Баткен маршруттук каттамы үчүн экологиялык төлөмдү жеңилдетүү боюнча Согди облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убада берди.

Баткен шаары менен Тажикстандын Исфара шаарынын чектешкен аймагындагы "Кызыл-Бел" чек ара өткөрүү жайынан бир сутка ичинде 700дөн 900гө чейин киши, 70 - 80 унаа нары-бери өтөт. Баткенден Исфарага чейин жол кире 100 сом. (ZKo)

XS
SM
MD
LG