Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

2018-жылдын башында Кыргызстанда сасык тумоо күчөшү мүмкүн


Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемстанциясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү.

Эпидемияга кабылгандардын басымдуу болүгү - 14кө чыга элек балдар. Алар жалпы ооругандардын 70 пайызын түзөт. Айрыкча алар Чүй жана Баткен облустарында көп.

Адистер 2018-жылдын январь айында оору күчөйт деп божомолдоп жатышат. Бирок былтыркыга салыштырмалуу ооругандар 4,8 эсе азайганы да айтылат.

Грипптин табиятын аныкташ үчүн Бишкек шаардык, Кара-Суу, Ысык-Ата райондук ооруканаларына реактивдик вирусологиялык лабораториялар уюштурулду.

300 медициналык кызматкерге тумоологон адамдар менен иштөө эрежелери үйрөтүлдү. (BCh)

XS
SM
MD
LG