Кыргызстандык опера ырчысы Улан Асамидинов Москвада өткөн жаш аткаруучулардын эл аралык "Романсиада" сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу сынактын расмий сайты кабарлады.
Сынакка Кыргызстан, Польша, Македония, Болгария, Өзбекстан, Украина, Казакстан, Сербия менен Орусиядан 12 аткаруучу катышты. Финал 17-декабрда өттү.
Сынактын тандоо туру бир жыл бою түрдүү мамлекеттерде жүргөн. Ага 300дөй адам катышып, 12 аткаруучу финалга чыккан.
26 жаштагы Улан Асамидинов - Бишкектеги Опера жана балет театрынын солисти.
Орусиядагы абройлуу маданий таймаш болуп эсептелген "Романсиада" сынагы 1996-жылы негизделген. Ага 17-27 жаштагы аткаруучулар катышат. (SE)