Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Мамкаттоо: Данияр Үсөнов Кыргызстан жарандыгын тапшыргандардын базасында жок


Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдындагы акция.
Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдындагы акция.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткандардын тизмесинде жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов кабарлады.

- Жарандыктан чыгуу процессинде автоматтык маалыматтык система бар. Анда Кыргызстан жарандыгынан баш тарткандардын тизмеси бар. Ал тизмеде Данияр Үсөнов жок. Бирок мындай арыз алгач бизге эмес, президенттин алдындагы Жарандык маселеси боюнча комиссияга жолдонот. Андан кийин президенттин жарлыгы менен чыгарылат.

Башмыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу укугуна мамлекет башчысы гана ээ.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары өткөн аптада Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деп аты-жөнүн өзгөртүп, Белорустагы ишканалардын бирин жетектеп жатканын жазышкан. Мындан кийин "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин 20дан ашык мүчөсү Белорустун Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгып, Данияр Үсөнов - Даниил Урицкийди Кыргызстанга кайтарууну талап кылышкан.

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин өкмөттү жетектеген Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын жүргөн жери тууралуу так маалыматтар жок. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин активисттери ал Беларуста жүрөт деп эсептешет.

Үсөнов апрель окуялары боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG