Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

"Пирамида" каналынын жетекчиси кызматтан кетүүгө арыз жазды


"Пирамида" телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетүү боюнча 18-декабрда арыз жазды. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирип, бирок себебин коомчулукка жарыялоону каалабай турганын белгиледи.

Каналдын жетекчисинин орун басары Аскат Алагөзов Токтогулованын арызы боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин айтты:

- Биздин каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган "Пирамида" мурдагы бийликтердин тушунда колдон-колго өтүп келсе, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган.

2016-жылдын февралында парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG